Орусияда кыргызстандын 50 жаштагы жараны жол кырсыгынан каза тапты

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, окуя 29-мартта Челябинск – Троица унаа жолунун 93-чакырымында катталган. Кыргызстандын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу каза болгон жарандын жакындары менен байланыш түзүп, тийиштүү консулдук-укуктук жардам көрсөттү. Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси каралууда. Автор: Сабира Бакирбек кызы